Кыргызстан товарларды нак эмес формада сатуудагы салыкты төмөндөтүүнү ниеттенүүдө

15 июня 2021, 09:25

Улуттук банк Министрлер кабинетинин нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жөнүндө токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарат. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. 

Маалыматка ылайык, бизнес-ассоциациялар менен төлөмдөрдү банктык төлөм карталарына которуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес сатууда сатуудан түшкөн салыкты азайтууну көздөп жатышат. 

Муну менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, айып пулдарды, накталай эмес түрдө банк картасы, Интернет-банкинг, электрондук акча аркылуу киргизүү пландаштырылууда.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, төлөм карталары менен жүргүзүлгөн транзакциялардын 57,7% Бишкек шаарында жүргүзүлөт, ал эми эң аз транзакциялар Ош шаарында (16,4%), Жалал-Абадда (14,4 %) Баткен (6,1%), Нарын (4,8%) жана Талас (3,4%) облустарында катталган.