Өлкөдө «Кыргыз энергия бөлүштүрүүчү компаниясы» түзүлүшү мүмкүн

8 сентября 2021, 15:40

 

Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Түндүкэлектр", "Ошэлектро", "Жалалабатэлектро" жана "Чыгышэлектро" бөлүштүрүүчү компанияларын бириктирүүнү көздөп жатат. Министрдин орун басары Таалайбек Ибраев бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мекеменин пландары менен бөлүштү.

Демилгечилер төрт компаниянын бирдиктүү "Кыргыз энергия бөлүштүрүүчү компаниясына" биригиши жыл сайын 1 миллиард сомго чейин үнөмдөөгө өбөлгө болооруна ишенет. Министрлер кабинети буга чейин өлкөнүн энергетика системасын реформалоо долбоорун жактырган.