Өлкөдө эки жаңы аким дайындалды

27 сентября 2021, 15:50

Бактибек Анаркулов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.

Мындан тышкары, президент Дамир Кулубаевди Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими кылып дайындады.