Кыргызстанда ЕАЭБдин талабына ылайык күйүүчү май өндүрүлбөйт

17 февраля 2020, 16:38

Кыргызстандагы мунай чыгарган ишканалардын,  күйүүчү майды ЕАЭБдин талабына ылайык чыгаруу үчүн ылайыктуу жабдыктары жок. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди. 

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 12-августунан тарта КР аймагында ЕАЭБдин  «Автоунаа жана авиацияга ылайык керектелүүчү бензин, реактивдүү кыймылдаткыч жана күйүүчү майга керектелген дизелдик жана суу отун» техникалык регламенти күчүнө кирген. Кыргызстандын өтүнүчүнө ылайык, ЕАЭБ аталган норманы ишке ашырууну 2021-жылдын август айына чейин узарткан. 

Белгиленген убакытка чейин бардык ишканалар дизелдик отунду ЕАЭБдин талабына ылайык чыгаруу үчүн модернизациялоо керек. Учурда КР аймагында 2017-жылы кабыл алынган регламент иштеп келет.