Токтогазиев: Контрабандага байланыштуу кант тартыштыгы жаралды

3 февраля 2021, 11:00

Кыргызстанда канттын тартыш болуп жаткандыгынын себеби, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө контрабандалык жол менен ташылып кетип жаткандыгында. Бул тууралуу айыл чарба министри Тилек Токтогазиев маалымат жыйында билдирди. 

 

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы менен чыныгы маалыматтарда айырмачылыктар бар. Министр бул боюнча комиссия түзүп канттын бар-жогун текшерип берүү тапшырмасын берген. 

 

«Каинды Кант» заводунда 26 миң тонна кант бар, бирок бул фермерлерге тийиштүү. Бул запастар үч айга жетиштүү болот», — деп билдирди министр. 

Кыргызстанда канттын тартыштыгы контрабандага байланыштуу 

Кыргызстанда контрабандага байланыштуу канттын тартыштыгы жаралууда