Өлкөдө дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 11,7%га өстү

9 марта 2023, 10:05

Быйылкы жылдын январында дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсү 42 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Көлөм баардык аймактарда көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.