Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшүнүн көлөмү 89,3%га өстү

31 декабря 2021, 12:17

2021-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103,4% түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Ошол эле учурда 2021-жылдын ноябрында 2020-жылдын ноябрына карата өсүш 51% түзгөн. Тоо-кен казып алуу өнөр жайынын жана карьерлерди казууда өсүү жогору болуп, 2020-жылдын ноябрына карата 189.3 пайыз, кайра иштетүү өнөр жайында – 157,9 пайыз камсыз болгон.

Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ 2020-жылдын январь-ноябрь айларынын деңгээлине карата 105,1% түзгөн. Отчеттук мезгилде ЕАЭБде тоо-кен казып алуу жана карьерлерди казуу тармагында өндүрүштүн көлөмү 3,9%га, кайра иштетүү өнөр жайында – 5,2%га, электр менен камсыздоодо, газ, буу жана кондициялоодо – 7,5%га, суу менен камсыздоодо, канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү – боюнча 16,1%га өскөн.