Биржада сооданын көлөмү 169 эсеге төмөндөгөн
Январда биржа фондунда корпоративдик сектордогу 17 компания менен баалуу кагаздар боюнча 151 келишим түзүлдү. 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаз боюнча 3 келишим түзүлдү. Сооданын жалпы көлөмү 28 млн сомду түзөт.
2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу сооданын көлөмү 169га, 2020-жылга карата 37 эсеге төмөндөгөн.
Жылдын биринчи айында компаниянын акцияларын соодалоодо активдүүлүк төмөн экендиги байкалган.