Банкноттор жана монеталардын жүгүртүүсү дээрлик 20 млрд сомго өстү

27 июня 2022, 09:08

Май айынын аягында жүгүртүүдөгү банкноттордун жана монеталардын көлөмү 149 миллиард 562 миллион 92 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.

Мындан бир жыл мурун, май айынын аягында калктын колунда 129 миллиард 690 миллион 67 миң сомдук банкнот жана монеталар болгон.

Алсак, жыл ичинде жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 19 миллиард 872 миллион 25 миң сомго өстү.