Борбордук Азиядагы санариптик өзгөрүш боюнча талкуу жүрөт

27 сентября 2019, 10:22

4-5 октябрда Кыргызстанда эл аралык “Борбордук Азиядагы санариптик өзгөрүш” аталыштагы конференция өтөт. Иш-чарага 12 өлкөнүн 100 технология жаатындагы эксперттери келиши күтүлүүдө. Конференцияны Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш , Орта Азия университети, бийик технологиялар паркы уюштурат. 

Иш-чарага мамлекеттик мекемелердин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн жана Орто Азия, башка мамлекеттердин уюмдарынын жетекчилери катышышат. Бул иш-чара катышуучулар бири-бири менен тажрыйба алмашууга жана мындан аркы бирге кызматташууга чоң өбөлгө түзмөкчү. 

Орто Азия университетинин маалымат технология бөлүмүнүн директору Шаукат Али Хан билдиргендей, бул иш-чара технология жаатындагы лидерлер  үчүн тажрыйба бөлүшүүгө жана санариптештирүү жаатында бирге кызматташууга жол ачат.