Кыргызстанда кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча жыйын өтөт
Кыргызстанда кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча Соода-өнөр-жай палатасы 17-ноябрда жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:
- Карантиндин кичи жана орто бизнеске тийгизген таасири;
- Кичи жана орто бизнес үчүн насыяларды кайра каржылоо;
- Кол өнөрчүлүктү пандемия шартында өркүндөтүү.