Жыл аягына чейин Кыргызстанда экономикалык мунапыс жарыяланат

16 августа 2021, 14:30

Мурда декларацияланбаган мүлктү мыйзамдаштырган адамдар салыктарды, айыптарды жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Вячеслав Пак "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Легалдаштыруу өнөктүгү "Жеке адамдардын мүлктү жана кирешени ыктыярдуу түрдө декларациялоо жөнүндө" мыйзамдын алкагында өткөрүлөт. Бул кампаниянын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мүлкүн жана кирешесин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

"Мындай мүлктү жарыялагандан кийин, адам террордук уюмду каржылоо же акчаны адалдоо учурларын кошпогондо, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ошондой эле, декларант учурдагы салыктары, айыптары жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулат", - деди Пак.

Декларанттар мурда декларацияланбаган капиталды расмий түрдө жыл аягына чейин каттай алат.