Өлкөдө калктын миграциялык агымы кыскарды

15 июня 2022, 13:06

Былтыркы жылы Кыргызстандан 9 миң адам чыгып кеткен, бул 2020-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Ошол эле учурда республикага туруктуу жашоо үчүн көчүп келген жарандардын саны 1 миңден 9 миңге чейин өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Ошентип, калктын миграциялык агымы (жарандардын келген жана кеткен санынын ортосундагы айырма) кыскарды. Эгерде 2020-жылы сыртка агып чыгуу 4,8 миң адамды түзсө, 2021-жылы 0,8 миң адамга кыскарган.

Өткөн жылы Орусиядан Кыргызстанга 6 миң 6 адам көчүп келсе, Кыргызстандан Орусияга туруктуу жашоо үчүн 6 миң 66 адам кеткен. Ошондой эле Өзбекстандан (2021-жылы 553 адам 2020-жылы 248 адам), Казакстандан (2021-жылы 468 адам 2020-жылы 74 адам) жана алыскы чет өлкөлөрдөн (2021-жылы 21 адамга каршы 2020-жылы 703 адам) мигранттардын көбөйүшү байкалган.

2021-жылы эмигранттардын эң ири беш этникалык тобуна орустар – 42,3%, кыргыздар – 29,1%, өзбектер – 8,2%, казактар ​​– 3% жана татарлар – 2,6% кирген.