ЕАЭБ боюнча товардын баасы 5.4% кымбаттады

25 января 2021, 09:15

2020-жылдын декабрь айында, 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча товар жана кызматтарга болгон керектөөчү товарлардын баалары 5.4%, 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 1% жогорулаган. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди. 

 

 

ЕАЭБ ичинде баанын эң жогорку деңгээлде кымбатташы Кыргызстанда (9.7%), Казакстанда (7.5%) жана Белорусияда (7.4%) катталган. 

Биримдик ичинде тамак аш азыктарына болгон баанын 15.8% жогорулап, эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

 

«Керектөөчү товарлардын баасынын көтөрүлүшү негизинен азык-түлүккө баанын олуттуу өсүшүнө байланыштуу болду (+ 7,4%). Бул тенденция ЕАЭБдин бардык мамлекеттерине мүнөздүү, Беларуссиядан башка. Ошол эле учурда, Бирликте азык-түлүк эмес товарларга баалар 4,9% га, акы төлөнүүчү кызматтарга - 3,1% га жогорулады», - деп айтылат ЕЭКтин докладында.