«Жеткиликтүү турак-жай»  программасы аркылуу  16 миң жаран үйлүү болушкан

25 декабря 2019, 15:30

«Жеткиликтүү турак-жай»  программасы аркылуу 5.2 млрд сомго 4 миң ипотекалык насыя берилген. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйында билдирди. 

Мамлекет башчы, турак-жай программасы аркылуу 16 миң жаран турак-жайлуу болгонун белгиледи. 

«Мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени 12 пайыздан, 6 пайызга чейин азайган. Мындан сырткары, мурун жеңилдетилген турак-жай насыяны бюджеттик кызматкерлер гана ала турган болсо, бүгүнкү күндө ипотека бардык жарандар үчүн жеткиликтүү», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.