«Золотая корона» аркылуу Кыргызстанга 40.5 млрд сом которулган

14 декабря 2020, 10:29

Үстүбүздөгү жылдын III кварталында Кыргызстанда акча которуулар системасы аркылуу 60 млрд 50.9 млн сом которулган. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди. 

Кыргызстанда акча которуу үчун эң таанымал кызматтардын бири катары «Золотая корона» эсептелинет. Өлкөгө III кварталда которулган каражаттын 67.5% ушул кызмат аркылуу жиберилген. 

Ошол эле учурда кыргызстандыктар чет жерге тез которуу тутуму аркылуу 13.6 млрд сом которушкан. Андан сырткары, алар «Золотую корона» тутумун дагы колдонушкан. Бул тутум аркылуу 11.6 млрд сом которулган.