Бажы кызматы мыйзамсыз ташылган 281 машинени аныктады

13 апреля 2023, 14:47

Мамлекеттик бажы кызматы 281 унаа мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады, келтирилген зыяндын суммасы 280 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автоунаалар жасалма документтер менен катталган. Учурда материалдар прокуратура органына өткөрүлүп берилди.