Кыргызстанда 138 км жаңы жол салынган

29 октября 2019, 11:45

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айында 138.1 чакырым жол салынган. Жолдорду асфальттоо 106% ишке ашты. Жалпы жонунан 328 км жолго асфальт төшөлгөн. Бул тууралуу транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

2019-жылы министрлик тарабынан 40 район жана 8 шаардын жолун оңдоп-түзөөгө план коюлган. 

Учурда министрлдик алдындагы бөлүмдөр аткарылган жумуштардын көлөмүн чыгарууда.