Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча ири мамлекеттик борбор курулат

21 августа 2023, 11:37

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жакынкы аралыкта чоң мамлекеттик дата борборун курууну пландаштырууда. Бул тууралуу министр Талантбек Иманов Facebook баракчасында билдирди.

Ал иштеп чыгууну жана талдоону талап кылган маалыматтар тынымсыз өсүп жатканын, колдонулган автоматташтырылган маалыматтык системалардын саны тездик менен көбөйүп атканын, маалымат борборлорунда маалыматтарды иштеп чыгууну борборлоштуруу зарылдыгын белгиледи.

"Бизге дата борбор курулушу керек. Ал мамлекеттик органдардын маалыматтык ресурстарга болгон муктаждыктарын канааттандырат, сапаттуу жаңы IT-инфраструктурасын түзөт, маалыматтык системаларды андан ары өнүктүрүүгө жана санариптештирүү пландарын ишке ашырууга негиз болот. Булуттук технологияларды өнүктүрүү ресурстарды эффективдүү башкарууга мүмкүндүк берет, ал эми дата борборлору эл аралык стандарттарга жана биринчи кезекте коопсуздук маселеси боюнча жооп бериши керек", — деп жазган Талантбек Иманов.