Бизнести колдоо үчүн фонддор жана уюмдар электрондук маалымдама түзүштү

24 ноября 2022, 12:03

Кыргызстанда бизнеске колдоо көрсөткөн фонддордун жана уюмдардын электрондук маалымдамасы пайда болду. Бул тууралуу өлкөнүн каржы институттарын өнүктүрүү боюнча  “IBC FinEx- 2022” көргөзмөсүндө Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.  

“Бизде ири эл аралык каржы институттарын, өнүктүрүү фонддорун, инвестициялык фонддорду, каржылоого кызыккан бизнес өкүлдөрдү, ошондой эле бизнеске тиешелүү кызмат көрсөткөн компанияларды чогултуу идеясы бар эле”, - дейт Аскар Сыдыков.

Иш-чаранын алкагында Сыдыков бизнести колдогон фонддордун жана уюмдардын маалымдамасын таанытты. Анын курамына бизнести жана стартаптарды өнүктүрүүгө салым кошкон түрдүү 25 уюм кирет.

ЭИКтин жетекчиси түшүндүргөндөй, бул онлайн документ дайыма жаңыланып, толукталып турат.