Салык төлөөчүлөр жана ишкерлер үчүн тейлөө борбору түзүлөт
Кыргызстанда салык төлөөчүлөр жана ишкерлер үчүн көп функциялуу тейлөө борбору түзүлөт. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме бекер ID-карттарды берүү, жаңы биометрикалык паспортторду берүү, жаңы калкты тейлөө борборлорун ачуу боюнча мурда ишке ашырылган чараларды эске салды.