Кыргызстанда креативдүү индустриалдык парк пайда болот

12 мая 2022, 10:14

Экономика жана соода министрлиги “Креативдүү өнөр жай паркы жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Ал бирдиктүү коомдук пикир порталында жарыяланды.

Парктын резиденти болуп, чыгармачылык менен алектенген ишканалар жана жеке адамдар министрлер кабинети тарабынан белгилене турган атайын салык режимин ала алышат.

Креативдүү өнөр жай паркынын жогорку башкаруу органы жети адамдан турган Байкоочу кеңеш болот. Экөө министрлер кабинети тарабынан дайындалат, калган мүчөлөрү кесиптик бирикмелер тарабынан шайланат.

Байкоочу кеңештен тышкары паркты дирекция башкарып, мүчөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, алардын долбоорлорун илгерилетип, маалыматтык-аналитикалык материалдар менен камсыздайт. Дирекция резиденттерден кирешенин 1% өлчөмүндө квартал сайын чегерүүлөрдүн эсебинен каржыланат.

Индустриалдык парктын резиденттери Кыргыз Республикасынын да, башка мамлекеттердин да жарандары боло алышат.