Жашыл технологияларды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда

26 октября 2022, 17:04

Кыргызстандын бизнеси энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берген жана импорт, экспортто кошумча нарк салыгынан бошотулууга тийиш болгон технологиялардын, жабдуулардын жана анын компоненттеринин тизмесин бекитүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” президенти Нурзат Абдырасулова кеңешме жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы Салык кодексине ылайык, Кыргызстандын аймагына алынып келинген техника гана кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Тизмеге энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулук талаптарына жооп берген жабдуулардын жана анын тетиктеринин 30дан ашык түрү кирген.

Мындан тышкары, тиешелүү сертификаты бар болсо, энергетикалык натыйжалуулук боюнча талаптарга жооп берген имараттарды 50% мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталууда.