Балдарды колдоо боюнча өкмөттүн алгачкы жыйыны болуп өттү

14 января 2020, 10:35

Кыргызстандын региондоруна жаш балдар үчүн окутуу борборлорун ачуу пландалууда. Бул иштер «2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы» деп президент тарабынан жарыяланган жарлыктын негизинде аткарылмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында белгилүү болду. 

Андан сырткары, министрликтердин өкүлдөрү жөлөк пулду берүүнү жакшыртуу сунуштарын беришти. 

Жыйындын соңунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине балдарды колдоо боюнча долбоорду бир жума ичинде иштеп чыгууга тапшырма берилди. Долбоорду ишке ашырууга каражатты каржы министрлиги бөлүүгө милдеттендирилди.