Бизнести текшерүү боюнча мараторийди 2022-жылга чейин киргизүү сунушталууда

6 ноября 2020, 13:50

Экономика министрлиги бизнести текшерүү боюнча мараторийди 2022-жылдын 1-январына чейин киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Ишкерлер көп учурда укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнө нааразы болуп, бизнеске өтө терс таасирин тийгизип жаткандыгын билдирип келишет. Бул көрүнүш экономиканын көмүскө секторунун көбөйүшүнө, бизнес баштоо активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзөт жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет.

Бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий киргизилбейт.