Кумар оюндарына салыктын ставкасын төмөндөтүү сунушталууда

12 января 2023, 14:39

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Оюн ишмердүүлүгүнө салыктын ставкасын белгилөө жөнүндө” токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу Финансылык көзөмөлдүн сайтында маалымдалды.

Долбоордун негизги максаты – кумар оюндарына салыктын ставкаларын төмөндөтүү.

Долбоордо төмөнкүдөй салык ставкаларын белгилөө сунушталат:

1 оюн столу (1 флот) казино үчүн:

  • 2022-жылы - 450 миң сом (азыр 750 миң сом);
  • 2023-жылы - 600 миң сом (азыр 1 млн. сом);
  • 2024-жылдан баштап - 750 миң сом (азыр 1 млн 250 миң сом);

оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:

  • 2022-жылы - 10 миң сом (азыр 50 миң сом);
  • 2024-жылы - 15 000 сом (азыр 75 000 сом);
  • 2024-жылдан баштап - 20 000 сом (азыр 100 000 сом).