Кыргызстан визасыз режим киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин толуктоону сунуштады

16 апреля 2021, 10:00

Парламент депутаттары жарандары Кыргызстанга 60 күнгө чейин визасыз саякатка келе турган мамлекеттердин катарына тогуз өлкөнү кошууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 34116]

Тизмеге төмөнкүлөрдү киргизүү сунушталат:

  • Болгария;
  • Вьетнам;
  • Албания;
  • Израиль;
  • Мексика;
  • Таиланд;
  • Кипр;
  • Македония;
  • Румыния.

[жаңылыктар 33848]

Бирок, айрым депутаттар чечим кабыл алаардан мурун шашпоого жана кылдат анализ жүргүзүүгө үндөшүүдө. Ошондой эле Вьетнамды жарандары Кыргыз Республикасында 60 күнгө чейин визасыз жүрө алган өлкөлөрдүн катарына кошуу максатка ылайыктуу экендиги жөнүндө маселе көтөрүлдү.