Аткезчилик жол менен күйүүчү май сатып жүргөндөр кармалды

18 октября 2019, 09:25

Каржы полициясынын текшерүү учурунда экине автоунаанын ичинен күйүүчү май табылган. Айдоочулардын товарга болгон уруксат кагазы жок болгон. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, эки автоунаа тең бир ишкерге тийиштүү болгон. Териштирүүлөрдүн негизинде, Каржы полициясы мамлекетке 555 миң сом зыян келтирилгенин билдирди.