Чек арада 1000ден ашык бодо мал жана жылкыларды мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду

21 сентября 2021, 17:30

 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өткөрүү пункттарынын жанындагы товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 865 баш бодо мал жана 146 баш жылкыны тиешелүү уруксат кагаздары жок алып келүү фактыларын аныкташкан. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 865 баш бодо мал жана 135 баш жылкы ташыган унаалар "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пунктунда кармалды. "Чалдыбар" эсеп пунктунда 11 жылкы алып өтүүгө аракет кылышкан.

Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш-чараларды жүргүзүү үчүн мобилдүү топко өткөрүлүп берилди.