Ислам принциптерине ылайык камсыздандырган компания ачылды

12 апреля 2023, 11:08

Эл аралык өнөктөш экономика жана каржы ассоциациясынын президенти Асылбек Молдакматов ислам принциптерине ылайык камсыздандырган алгачкы  компаниянын концепциясын тааныштырды.

Компания автокамсыздандырууну, мүлктү жана бизнести камсыздандырууну, ошондой эле өмүрдү жана медициналык камсыздандыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү пландаштырууда. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү ислам каржылоо принциптерине ылайык болот.

"Биз ислам экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана жардам берүүгө даярбыз, анткени бул жалпы экономикага оң таасирин тийгизет жана динге ишенгендерге керектүү финансылык кызматтардын толук спектрин алууга мүмкүндүк берет. Бирок көп нюанстар азырынча талкууланып, чечиле элек”, - дейт Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Сарбанов.