Кыргызстанга электромобилдерди киргизүү долбоору сунушталды

4 августа 2021, 10:40

"Аман" соода-өнөр жай компаниясы "Кыргызстанга электромобилдерди киргизүү жана өнүктүрүү" боюнча бюджеттик насыя берүү долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалым болду. 

"ТПК Аман" башкармалыгынын төрагасы Кадыр Алы электромобилдүү таксопарк, электромобилдерди сатуучу автосалон, электромобилдерди кубаттоо станциялары, электромобилдерди колдонуучулар үчүн мобилдик тиркемеден турган төрт бизнес моделдин долбоордун презентациясын жасаганы белгилүү болду. 

Долбоордун максаты - көмүр кычкыл газын атмосферага чыгаруучу транспорт каражаттарынын зыянын азайтуу болуп саналат.