Кыргызстан менен Түркмөнстан жалпы суммасы 21 млн доллардан ашык суммага келишимдерди түздү

30 июня 2021, 10:00

Түркмөнстандагы экономикалык форумдун жүрүшүндө жалпы суммасы 21 миллион доллардан ашык суммага жашылча-жемиш, санитардык-техникалык буюмдарды жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мындан тышкары, жетишилген келишимдердин алкагында эки мамлекеттин ишкерлеринин ортосунда кийим-кече жана бут кийим өндүрүшүн, инвестициялык иш-аракеттерди жана импорттук-экспорттук ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алынды.