КР курулуш тармагын  2030-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы  кабыл алынды

17 января 2020, 09:00

Курулуш тармагынын өсүүсү өлкөнүн инфраструктуралык жактан өнүгүүсүнө олуттуу таасир этет. Бүгүн кабыл алынган 2030-жылга чейин КР курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы максаттарга жетүүгө жакшы таасир этет. Бул тууралуу  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

«Мен имараттардын тышкы көрүнүшүн гана эмес, аларды курууда колдонулган материалдарды дагы айтып жатам. Курулуштун бирдиктүү стандарты, деталдуу планы жок. Кайсы жерге кандай кааласа куруп жатышат. Бул негизинен борбор шаарга тийиштүү. Биз бул документти түзүлгөн кырдаалды жакшыртуу максатында кабыл алдык», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кабыл алынган стратегия курулуш тармагындагы уюмдардын жана ишканалардын салыктык базасын көбөйтүп, энергетикалык натыйжалуу жана ресурс сактоочу технологияларды киргизүүгө, имараттарга жана курулуштарга коопсуздук талаптарын жогорулатууга, тармакты квалификациялуу кадрлар менен камсыздоого, курулуш жаатын санариптештирүүгө шарт түзөт.