Ат-Башыга Кытай логитсикалык борбор курат

1 октября 2019, 11:31

Нарын областынын Ат-Башы районунда өнөр-жай соода-логистикалык борбору курулат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров менен Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен болгон жолугушууда билинди. 

Бул долбоор КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен КЭР өкүлү Си Цзиньпин менен болгон келишимдин жыйынтыгы деп билдирет Замирбек Аскаров. 

«Соода-логистикалык борборун куруу демилгеси, региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деген жараяндын негизинен улам келип чыккан. Бүгүн биз Ат-Башы районунда курулуп жаткан соода-логистикалык борбордун курулуш жагдайлары тууралуу сүйлөштүк. Бул долбоордун ишке ашуусуна КР Өкмөтү тарабынан керектүү жоболор кабыл алынган», - деп билдирди. 

Вице-премьер-министр соода-логитикалык борбордун ачылышы менен 13 миң жумушчу орундун түзүлүшү күтүлөт жана Нарын областынын жашоо-шартынын өсүүсүнө жакшы шарт тузүлөөрүн билдирди. 

Соода-логистикалык борбордун курулушуна жалпы жонунан 280 млн.$ акча каражаты бөлүнөөрү буга чейин жазылган. Курулуш иштери  аяктаган соң,  көптөгөн инвестициялардын келиши күтүлөт жана өндүрүш продукциялардын көлөмү көбөйүп, социалдык жана инфраструктуралык суроолордун чечилиши күтүлөт – деп жазылат маалымдамада. 

Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 млн. сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Борбор экспулатацияга берилген соң 7-8 жылдын ичинде Нарын областы дотациялык регииондон чыгат.