КРда айыл-чарба продукциясы менен камсыз болуу жогорулай тургандыгы күтүлүүдө

22 июля 2020, 14:30

Божомолдорго ылайык, 2021-жылы 2018-жылга салыштырмалуу айыл-чарба продукциясынын доллар эквивалентиндеги өндүрүшү 15.8 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында айтылат.

Үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорт 11.5 пайызга өсүп, импорт 12.2 пайызга кыскарат. Мунун жыйынтыгында сырткы соода алмашунун 1.1 млрд доллар өлчөмүндөгү оң сальдосу түзүлөт.

«Көрсөткүчтөрдүн тизмесине айдап-себүү аянттары, малдын жана канаттуулардын башынын саны, айыл-чарба продукциясын өндүрүүдөгү жалпы көлөмдөрү, ошондой эле негизги түрлөрдүн табийгый көрсөткүчтөрү, экспорттун жана айыл-чарба товарларынын импортунун бааларынын көлөмдөрү жана башкалар кирет»,-деп айтылат маалыматта.

Өз ара ташууларды эске алуу менен, Кыргызстандын камсыз болушунун жогорулоосу күтүлүүдө:

  • Дан боюнча – 97 пайыздан 104 пайызга чейин;
  • Жаратылыш майы боюнча – 97.8 пайыздан 102.7 пайызга чейин;
  • Жашылча-жемиштер боюнча – 96.2 пайыздан 103.3 айызга чейин.

Өздүк өндүрүштүн эсебинен биримдик дан, кум шекер, жаратылыш майлары, жумурткалар, чочко эти, кой этине болгон ички муктаждыктарын толугу менен канааттандырууда. Тоок эти боюнча биримдик өзүн-өзү камсыздоого 2020, ал эми картөшкө боюнча 2021-жылы чыгат. Сүт жана жашылча жемиштер боюнча бул көрсөткүч 98 пайызды түзөт.