Кыргызстанда айыл-чарба продукциясы 230.3 млн $ өндүрүлгөн

14 апреля 2020, 10:37

2020-жылдын январь-февраль айларында Евразия экономика биримдигинде өндүрүлгөн айыл-чарба продукциясынын көлөмү 7.6 млрд $ түзүп, өткөн жылдын аналогиялык убактысына салыштырмалуу 3.2% жогорулаган. 

Анын ичинен Кыргызстанда бул убакыт аралыгында айы-чарба продукциясы 230.3 млн $ өндүрүлгөн. 2019-жылга салыштырмалуу өсүү 1.7% түзгөн. Бардык ири мал-чарба продукцияларынын, анын ичинен: бодо мал жана үй канаттууларынын эти1.5%, сүт - 2.2% жана тоок жумурткасы - 6.2% жогорулаган.