Кыргызстанда айыл чарба продукциясы 0.8% көп өндүрүлдү

1 декабря 2020, 16:04

2020-жылдын январь-октябрь айларында Евразия экономикалык бирикмедеги мамлекеттердин бардыгында тең айыл чарба продукциясынын баасы 2019-жылдын ушул эле мезгилдерине салыштырмалуу 2.5% кымбаттаган. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. 

Андан сырткары, он ай ичинде 98 млрд долларга айыл чарба продукциясы өндүрүлгөн. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен айыл чарба продукциясынын баасы Казакстанда – 5.2% жана Белорусияда – 4.6% жогорулаган. 

10 ай ичинде Кыргызстанда 338.3 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1.5% көп. Андан сырткары, сүт 2.4% көп өндүрүлгөн. 

Кошумчалай кетсек, жумуртканын өндүрүмдүүлүгү бул жылы 0.1% төмөндөгөн.