Кыргызстанда жарым миллиондон ашык адам COVID-19га каршы эмделди

5 августа 2021, 15:30

2021-жылдын 5-августуна карата Кыргызстанда 505 миңден ашуун адам, же эмделүүчү жарандардын жалпы санынын 14,8%ы коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышкан. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Жалпысынан 641 миңден ашуун вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделсе, экинчиси менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

COVID-19га каршы улуттук эмдөө планынын алкагында өлкөдө 3,4 миллион адам эмдөөдөн өтүшү керек. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары кирбейт. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70%дан кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.