Кыргызстанда климаттык абалга талдоо жүргүзүлдү

11 октября 2019, 17:30

КР Экономика министрлиги GIZ кызматташуу боюнча Германия агенттиги менен биргеликте 9-10-октябрларда “Кыргыз Республикасында климаттык тобокелдиктерди жана аярлуулукту талдоо” окутуу семинарын өткөрүштү, семинарга эл аралык эксперттер, доктор Тиль Стерзель жана доктор Роберт Биркандт катышкан.

Экономика министринин орун басары А. Алыбаев республикада жашыл экономиканын принциптерин иштеп чыгуунун жана ишке киргизүүнүн алкагында климаттын өзгөрүшүнүн көйгөйлөрүн жана экономиканын секторлоруна көбүрөөк дуушарланган климаттык тобокелдиктерди аныктоо эске алуу зарыл экендигин белгиледи. 

Семинардын жүрүшүндө экономиканын тармактарына дуушарланган климаттык тобокелдиктерди, анын ичинде узак мөөнөттүү мезгилдеги инфраструктура анализдөөнүн жана баалоонун теориялык негиздери жана инструменттери көрсөтүлдү.