COVID-19 үчүн терс ПЦР анализин алган туристтер Кыргызстанга келе алышат

2 июня 2021, 13:00

Коронавирус инфекциясы боюнча терс ПЦР анализин алган туристтер Кыргызстанга келе алышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде туристтердин Кыргызстандын аймагына киришине, коронавирустук инфекция боюнча терс жыйынтык (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксат берилет.

Республикалык штаб коронавируска каршы эмдөө сертификаты республиканын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап эмес экендигин белгиледи.