Электр унааларын пошлинасыз алып кирүүгө уруксат берилди

19 мая 2022, 13:33

Кыргызстанга нөлдүк алым менен электромобилдерди алып келүүгө квота күчүнө кирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы 17-майда кол койгон.

Токтомго Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 24-мартындагы чечимине ылайык кол коюлган. Ага ылайык, биримдиктин өлкөлөрү электромобилдерди пошлинасыз ташып келүүгө квота алышкан. Ошентип Кыргызстандын жарандары быйыл 5 миң, 2023-жылы 10 миң электромобилдерди импорттой алат.

Квотадан баш тарткан жалгыз өлкө - бул электр унааларын өз өндүрүшүн өнүктүрүүнү көздөгөн Орусия. Кыргызстандын, Казакстандын, Армениянын жана Беларустун жарандары импорттук электр унааларын орусиялыктарга же Орусияда туруктуу жашаган жарандарга үч жылдан бери сата албайт.