Кыргызстанда курулуш материалдарынын баасы жогорулоодо

14 мая 2021, 18:00

Кыргызстанда курулуш материалдарынын чекене баасы көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда цементтин чекене баасы орто эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түздү. Өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу баа дээрлик 9% га көбөйгөн. Мындан тышкары, кыштын баасы 1000 даанага 7262,69 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 14% га жогорулады.

Ошол эле учурда, цементтин максималдуу чекене баалары Чаек айылында, Кербен, Токтогул шаарларында, ал эми анын минималдуу баалары Өзгөн шаарында, Покровка айылында, Ош жана Бишкек шаарларында катталды.

Кирпичтин чекене баасы Токмок, Нарын, Баткен, Талас шаарларында республиканын орточо көрсөткүчүнөн ашып кетти, ал эми анын минималдуу баасы Кербен, Кара-Суу жана Токтогул шаарларында байкалды.