Мамлекеттик ишкананын жетекчилиги санариптештирүү шылтоосу менен акчаны кымырып алган

3 февраля 2022, 15:34

Санарип Кыргызстан-2019-2023” долбоорлорун жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык программалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, муну менен миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" программасын ишке ашыруу создуккан.

“2020-жылы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу үчүн 101,9 млн сом бөлүнгөн. Бирок "Соцсервис" ишканасынын кызмат адамдары белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгуу шылтоосу менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан”,- деп айтылат УКМКнын маалыматтында.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренси боюнча кылмыш иши козголду. 2-февралда аталган ишкананын мурдагы директору А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.