1 - октябрдан тарта пенсиянын көлөмү көтөрүлөт
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019 - жылдын 1 – октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгүн идентикстөө жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча токтомго кол койду.
Мунун менен катар пенсиянын көлөмүнө жана камсыздандыруу взноско жараша 7% - 18% чейин көтөрүлөт. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 10.4% чейин көтөрүлүүсү күтүлөт.
Өкмөттүн бул чечими – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргойт.
“Пенсиянын көлөмүн көтөрүүнүн жыйынтыгы менен, орточо эсептеги пенсия – 5 миң 820 сомду түзөт. Пенсияны индекстөөгө 667.3 миң пенсионерлерге кошумча 659.2 млн. сом керектелет, ошону менен катар пенсиянын базалык бөлүгүн көтөрүү үчүн республикалык бюджеттен – 67.3 млн. сом, пенсиянын камсыздандыруу бөлугүн көтөрүүгө Пенсиялык фондтон – 592 млн. сом керектелет” – деп билдирди өкмөт башчы.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, социалдык милдеттенмелерди сапаттуу жана толук аткаруу – мамлекеттин негизги милдеттердин бири болуп саналат деп кошумчалады.