ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен мал Кыргызстанда кымбат

10 августа 2021, 10:00

Кыргызстанда 2021-жылдын июнь айында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен малдын максималдуу баасы катталды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын статистика департаментинен маалым болду.

Белгилүү болгондой, учурда өлкөдө бодо мал эң кымбат болууда. Кыргызстан ЕАЭБ мейкиндигиндеги ар кандай түрдөгү мал чарба продуктыларынын бир тоннасынын баасы 2000 доллардан ашкан жалгыз өлкө.