Жумушсуздук боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен алдыда турат
ЕАЭБке мүчө болгон мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда жумушсуздардын саны 2019-жылдын ноябрь айында 970.3 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын отчетунда айтылат.
2018-жылдын ноябрь айы менен салыштырсак, жумушсуз жарандардын саны 2.7% жогорулаган.
Жыйынтыктап чыгарганда, эн көп жумушсуздук Кыргызстанда катталган. Ал эми Белорусияда бул көрсөткүчтүн саны 10 миң адамды гана түзөт.