ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң жогорку инфляция деңгээлине ээ

16 апреля 2021, 13:00

Февраль-март айларында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң чоң өсүшүн каттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 34139]

Баалардын жана тарифтердин жогорулашы ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө белгиленүүдө. Бирок, эгерде биз аны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырсак, анда өсүш Армения менен Орусиядан башка мамлекеттерде төмөндөгөн. Кыргыз Республикасында февраль айынан март айына чейинки мезгилде баалардын өсүшү 1,1% түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,4% га аз.

Ушул жылдын январь-март айларында өлкөдө орточо айлыктын өсүү темпи 0,1% га жогорулагандыгын кошумчалайбыз.