Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык жыйымдары 5 эседен ашык өстү

10 января 2023, 13:38

Өткөн 2022-жылдын он бир айында чакан ишканалар бирдиктүү салык түрүндө бюджетти 2 миллиард 136 миллион 227,7 миң сомго толукташты. Бул тууралуу мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетто айтылат. 

Мындан тышкары, патенттин негизинде салык түрүндө 2 млрд 318 млн 978,8 миң сом түшкөн. Анын 10 млн 887,2 миң сому милдеттүү патенттин негизинде, 690 млн 778,9 миң сому ыктыярдуу патенттин негизинде, жана патенттин негизинде 1 млрд.617 млн ​​312,7 миң сом экендиги белгиленди.
 
Белгилеп кетсек, 2022-жылдын январь-июнь айларында чакан ишканалардан мамлекеттин бирдиктүү салык жыйымдары 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (салыштыруу үчүн 2021-жылга кийинки маалыматтар жок) 5 эседен ашык көбөйгөн. Эгерде 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 141 миллион 157,5 миң сом чогултулса, 2022-жылы 729 миллион 111,4 миң сом жыйналган.