Коммерциялык банктардын валюталык насыяларынын көлөмү кыскарууда

30 июня 2021, 15:00

Ушул жылдын май айынын акырына карата Кыргызстандагы коммерциялык банктардын насыя портфели 171,3 млрд сомду түздү. Анын ичинен улуттук валютадагы насыялар 119,4 миллиард сомду, чет элдик валюта 51,9 миллиард болду, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Бир айда улуттук валютада берилген насыялардын көлөмү 2,4 миллиард сомго көбөйүп, чет элдик валютадагы насыя портфели 1 миллиарддан ашык сомго төмөндөгөн.

Жыл башынан бери улуттук валютадагы насыялардын көлөмү 10,7 миллиард сомго көбөйгөн.