Социалдык жөлөкпулдар саламаттык сактоого кеткен чыгымдардын 5%дан азын түздү

4 ноября 2021, 10:01

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында саламаттык сактоого мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 4 миллиард 358 миллион 980,7 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.

Бөлүнгөн каражаттардын 70,1%ы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана пайдаланууга жумшалды. Алардын ичинен олуттуу бөлүгү медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга (1,9 млрд сом), транспорттук чыгымдарга (31,3 млн сом), ошондой эле байланыш кызматына кеткен чыгымдарга (5,8 млн сом) жумшалат.

Каралып жаткан мезгилде социалдык жөлөкпулдарга жана төлөмдөргө чыгашалар 201 миллион 503,2 миң сомду түзүп, саламаттык сактоого мамлекеттик бюджеттин бардык чыгашаларынын 4,6%ын түзөрүн кошумчалайбыз.